Кыргызстанда 10-май — Банк кызматкерлеринин жана улуттук валютанын кабыл алынган күнү. Ал алгач 1993-жылдын 10-майында колдонула баштаган.
Кыргыз сому менен СССР рублинин катар колдонулушуна беш гана күн уруксат берилген. 1993-жылдын 14-майынан тарта сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты катары киргизилген.
Улуттук банктын маалымдашынча, сомдун кабыл алынышы өлкөнүн көз карандысыз экономикалык саясатын аныктоого негиз болгон.
Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы экономисти Күмүшай Артыкова улуттук валютанын тарыхына токтолуп, кыргыз сому тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.
«31 жылдын ичинде улуттук валютанын өнүүгү концепциясына ылайык, азыркы учурда улуттук валютанын 5 сериясы чыгарылган. Бул биринчи чыгарылыштагы улуттук валюта 1993- жылы чыккан 1, 5, 20 сом жана майдаланган тыйын 1, 10, 50 тыйын болуп чыгарылган. Башында бизге улуттук валютаны киргизүү, мамлекетибиз үчүн оор болуп турган мезгил эле. Анткени инфляциянын өсүшү калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнөн улам өз алдынча улуттук валютаны киргизүү, өз алдынча экономикалык саясатты алып баруу, акча кредиттик саясатты алып баруу үчүн эң негизги өбөлгөлөрдүн бири болуп саналат жана инфляцияны ооздуктоо эң негизги максаты болчу. Улуттук валютанын биринчи чыгарылышы калк арасында ишенимдүүлүк арткандан кийин, улуттук валютанын 2-чыгарылышы чыкты. Бул жолкусунда 1 сомдон 100 сомго чейин чыгарылган. Кийин дүйнөлүк тажрыйбада ар бир 7 же 10 жыл өткөндөн кийин, ар бир борбордук банк өзүнүн улуттук валютасынын өркүндөтүлгөн коргоо элементтери камтылган улуттук валюталарды жүгүртүүгө чыгарат. Ошол себептен Кыргыз Республикаынын улуттук банкы дагы 1997-жылдан баштап 2002-жылга чейин этап этабы менен жаңы улуттук валюталар жүгүртүүгө чыгарыла баштаган».
Улуттук банктын маалыматына ылайык, улуттук валютанын 3-чыгарылышынын башкалардан айырмаланып, жогорку номиналдагы 200, 500, 1000 сомдук банкноттор пайда болгон жана өркүндөтүлгөн коргоо элементтерди камтыган.
Ал эми 4-серия 2009-жылдан баштап, 2010-жылдары киргизилген. Булар дагы заманбап коргоо элементтерин камтыйт. Азыркы учурда көбүнчө 4- чыгарылыштагы банкноттор колдонулуп келинет.
Улуттук банктын адиси Күмүшай Артыкованын айтымында, мекеме улуттук валютанын 30 жылдык юбилейине арнап 5-чыгарылыштагы банкотторду жүгүртүүгө киргизди.
Учурда 200, 500, 1000 сомго суроо талап күч болгон соң, булар биринчи жүгүртүүгө чыгарылган.
Үстүгүбүздөгү жылдын февраль айында 20, 50 жана 100 сомдуктар чыгарылган.
Артыкова учурдагы 5 банкнот төлөм катары статуска ээ жана чыккан жылына карабастан төлөм каражаты катары кабыл алынууга тийиш экенин белгиледи.
«Жаңы сериядагы банкнотторду чыгаруу абдан татаал жумуштардын бири болуп саналат. Бул төлөм каражаты болгондуктан биринчи чыгарышлыштагы банкотторду өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссиялар жана улуттук валютанын алдыңкы жана астыңкы беттериндеги сюжеттерин тандаган. Ал эми азыркы учурда президент тарабынан комиссия түзүлгөн. Бул коммиссиянын курамына өкмөт мүчөлөрү, Илимдер акаедемиясынын, тарыхый инстутуттун өкүлдөрү катышып, ушул банкноттордун астыңкы бетине чогуу чечим кабыл алынат. Биздин улуттук валютанын астында тарыхый, маданий мурастардын өкүлдөрү камтылган, ал эми арткы бетинде Кыргызстандын кооз жерлери жайгаштырылган».
Улуттук банктын маалыматына караганда, улуттук валютанын сапаты абдан жогору. Ал 100 пайыз пахта буласынан жасалган, эгерде банкнот кагазында пахта буласы канча көп болсо, туруктуулугу ошончолук жакшы болот. Мисалы банкнотту 5000 ден 8000ге чейин бүктөсө болот.
Ошондой эле банкноттор күн нурунан саргайып кетпейт. Тагыраагы жогорку сапаттагы кагаздардан жасалган банкноттор. Улуттук валютанын дагы жашоо мөөнөтү болот. Колдонуучу тараптан дагы аяр мамиле кылса, көп убакыт жогорку сапаттагы валюталарды колдонсо болот.
Улуттук банктын адиси Күмүшай Артыкова жакын арада жаңы номиналдагы банкнотторду чыгаруу планда жок экенин белгиледи.
Айтуусунда, эми 7-10 жылга чейин банкноттордун алмаштырылбашы пландалууда.
«Улуттук банк тарабынан 10 000 же андан жогору банкнотторду чыгаруу пландаштырылбайт. Алар өз убагында экономикалык эсептөөлөрдүн негизинде саналат жана азыркы учурда бул улуттук банк тарабынан караштырылган эмес. Эгерде биз банкноттордун алдыңкы бетиндеги инсандарды алмаштыра турган болсок гана комиссияга кайрылабыз. Ал эми азыркы учурда биздин улуттук валютанын 5-чыгарылыштагы банкноттору жаңы эле жүгүртүүгө чыгарылып жатат. Эми 7 же 10 жылга чейин банкноттор алмаштырылбайт деп ойлойбуз».
Банкноталар эмне үчүн жаңыланып турушу керек?
Биздин улуттук валютанын негизги максаты бул нак акчага болгон жүгүртүүнүн үзгүлтүксүздүгүн, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууу болуп саналат. Ушул нак акчаны жүгүртүүдө жана уюштурууда жасалма акча чыгарууга каршы күрөшүү манилүү ролду ойнойт. Ошондуктан дүйнөнүн бардык өлкөсүндө улуттук борбордук банктары улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул коопсуздук технология жаатындагы эл аралык тажырыйбанын жана өнүгүү тенденцияларнын жаңы банкнотторду ишке ашыруунун ушул маанилүүлүгүн тынымсыз изилдеп жатышат. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, жасалма акча жасоону алдын алуу үчүн банкноттордун сериясын 10 же 7 жыл сайын жаңыланып туруу керек. Кыргызстанда 31 жыл ичинде улуттук валюта 5 жолу жаңыланган. Улуттук банк нак акча камдарынын пландоонун натыйжасында банкнотторду жаңыртып, эскирген жана жүгүртүүдөн чыгарылган, эскилиги жеткен банкнотторду алмаштырат. Бул чыгымдардын баары улуттук банк тарабынан каржыланат. Мамлекеттин бюджетинен эмес.
Улуттук валютанын банкноттору канчалык корголгон?
Улуттук валютанын банкноттору абдан жогорку сапаттагы заманбап коргоо элементтери менен камтылган. Анын 5-6 коргоо элементерин ар бир жаран билсе, жасалма акча иштетүүдөн сак болот. Бул белгилүү коргоо элементтери. Мисалы банкноттту жантайыңкы алып караганда суу белгиси көрүнөт. Ошол инсандын элеси көрүнүшү керек жана анын жанында сандык номинал да болуп керек. Кайсы банкнота болсо, ошол сандын номиналы болуш керек. Ошондой эле жарыкка салып караганда коргоо тилкеси жана банкнотту кыймылдатканда коргоо тилкедеги жазуулар көрүнүш керек. Ал болсо банкноттун номиналы болуп көрүнөт. Ал эми азыр 5-чыгарылыштагы банкноттордун тилкесинде ошол улуттук банктын логотиби ромб түрүндө камтылган . 5-чыгарылышта улуттук банктын логотиби болсо, мурунку чыгарылышта сом деген жазуу түрүндө берилген. Ошондой эле учурдагы банкноттордун 100 сомдон баштап 5000 сомго чейин оңго, солго же өйдө, төмөн кыймылдатканда түсү өзгөрөт. Алардын түсү алтын түстөн, жашыл түскө өзгөрөт. Бул дагы заманбап коргоо белгилери.
Бул банкнотту кол менен сыдырып көрүп, анын жазуулары, сүрөттөрү көзү начар көргөндөр, азиз адамдар үчүн белгилери бар. Кармап көргөндө одуракайлыкты байкасак болот. Бул дагы эффективдүү коргоо элементи. Мына ушул коргоо элементтери тууралуу маалыматты Улуттук банктын рассмий сайтынан алсаңыздар болот.
Банкноттор жана тыйындар буга чейин башка өлкөлөрдө чыгарылып келген, бүгүнкү күндө Кыргызстанда чыгарылып жатабы?
Биздин улуттук валютанын банкноттору Европа өлкөлөрүндө эл аралык сапат жана стандартына ылайык чыгарылат. Ал эми даярдоочу компаниялар сынактын негизинде аныкталат. Азыркы учурда биздин банкнотторду эки компания басып чыгарат. Алар француз жана америкалык компания. Бул компаниялар сапаты жагынан талаптарга ылайык чыгарышат. Ошол эле учурда Кыргызстандын улуттук валютасынын өндүрүү процесси жашыруун болуп саналат. Ошондуктан бул боюнча маалымат берилбейт.
Кыргызстандын Улуттук банкы 10-майдан тарта жаңыланган 5000 сом банкнотун жүгүртүүгө чыгарды.
2023-жылдын үлгүсүндөгү 5000 сом банкнотунун алдыңкы бетинде актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элеси, арткы бетинде «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган.
5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт.
Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.