Биз менен байланышыңыз

Парламентте Ататүрк паркындагы үйлөр тууралуу маселе көтөрүлдү

Кыска кабар | 15 мая 2024 | 457 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиев парламенттин 15-майдагы жыйынында Бишкектеги Ататүрк паркындагы үйлөр тууралуу маселе көтөрдү.

Ал парктын аймагындагы үйлөрдө катардагы жарандар да жашай турганын айтып, алардын маселесин этият кароого чакырды.

20-май күнү баарын буздуруп, үйлөрүнөн чыгаруу туура эмес экенин белгиледи.

«Мен коррупционерлерди ныпым коргогон жерим жок. Мэрия айтып жаткан 198 объектиде катардагы карапайым жарандар да, ак ниет сатып алуучулар да бар. Алар балким экинчи, үчүнчү колдоп алышкандыр. Эмне үчүн кезинде ошол парктын аймагын берип жиберишкен, ошого жол бергендер эмнеге жоопкерчиликке тартылбайт да парктын аймагы бузулушу керек? Баары иликтенсин, мыйзамсыз берилгенин билбей сатып алгандар да бар» , — деди депутат.

Мэрия 20-майдан тарта Ататүрк паркындагы үйлөр буздуруларын билдирди. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев парктын аймагындагы мурда курулушка берилип кеткен 43 гектар жерди кайтарыларын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM