«Бишкекгаз» газ кызматы жер астындагы төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндө кайра туташтыруу иштерине байланыштуу борбордун бир катар аймагында эки күн жаратылыш газы өчүрүлөрүн маалымдады.
15-майдан 17-майга Дача көч., Керченский, Кайынды, Элебесов, Чоң Чүй каналы, Кара-Жыгач багы, Фирсов, Фере, Арал көчөлөрү чектешкен аймактарда газ өчөт.
Ишкана газ өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.