Биз менен байланышыңыз

Сузактагы жабыркаган балдар Бишкекке жеткирилди (сүрөт)

Кыска кабар | 4 мая 2024 | 852 | 0

Сузак районунда болгон окуяда кырсыктаган балдаржогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркаган балдар атайын борт менен Бишкекке жеткирилди.

Алар шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында.

Маалым болгондой 4 бала реанимацияга, 6 бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. Балдарды текшергенден кийин хирургиялык кийлигишүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM