Connect with us

Орозо айтка чейин битир-садаканы берип үлгүрүңүз

Кыска кабар | 8 Апр 2024 | 421 | 0

Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт белгиленет. Ага чейин Орозо айындагы битир-садаканы берүү керек.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы быйыл битир-садака киши башына 1,6 кг буудай (50 сом), мейиз (680 сом), ун (75 сом) же 3,2 кг арпа (85 сом), курма (850 сом) туура келет деп бекиткен.

Азык-түлүктүн баасы туруксуз болгондуктан алардын салмагына басым жасоо керек. Битир-садака ушул азыктардын биринин баасына барабар өлчөмдө берилет.

Муфтият Орозо айында чогулган битир-садаканын эсебинен жардамга муктаж жарандарга каражат таратып берет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM