Connect with us

Кыргызстандык оор атлетчи дүйнө кубогунда бешинчи орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 8 Апр 2024 | 519 | 0

Кыргызстандык оор атлетчи Нурсултан Тармалов Тайланддын Пхукет шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча дүйнө кубогунда бешинчи орунду ээледи.

Тармалов мелдешке 96 кг чейинки салмакта катышкан. Бул салмактагы категория боюнча 10 спортчу катталган.

Кыргызстандык спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 кг, түртүп көтөрүүдө 170 кг салмакты багындырган.

Жыйынтыгында эки дисциплинанын эсеби менен 321 кг көтөрүп, 5-орунду ээледи.

Буга чейин Эмил Молдодосов 89 кг салмака чейинки категорияда 12-орунду ээлеп, 73 кг чейинки салмакта күч сынашкан Элзар Таиров 24-орунду камсыздай алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM