Биз менен байланышыңыз

Кочкор-Атадагы окуя: Облустук милициянын башчысы жана орун басары кызматтан алынды

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 198 | 0

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында атасына болушкан баланын видеосунан кийин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жооптуу кызматкерлерге кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган кызматкерлер укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарынын бузулушу, кол алдындагылар арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракет көрбөгөнү белгиленген.

ИИМдин буйругу менен милиция кызматкерлеринин аброюна жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттери үчүн деген негизде Жалал-Абад облусунун ИИБнын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары, облустук ички иштер башкармалыгынын 13 жетекчи кызматкерлерине дисциплинардык жаза берилди.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Кочкор-Атада шектүүнү кармоо учурундагы видео жарыяланып, анда жаранды жерге жаткырып алып сабашканы катуу талкууга кабылган. Бул учурда кармалган адамдын уулу атасына болушуп, милиция кызматкерлерине кол салган. Кийин ал бала ооруканада жатканы кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM