Connect with us

Кайра шайлоо: Талапкер болууга арыз бергендердин саны алтыга жетти

Кыска кабар | 11 Мар 2024 | 254 | 0

№2 Баткен шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендерди саны төрткө жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстандын чек ара коомунун жетекчиси Алимберди Бегматов, «Геопарк Мадыген» коомдук фондунун жетекчиси Кенеш Салихов, «Комфорт Хаус» компаниясынын директору Бактыяр Калпаев, коомдук ишмер Максатбек Дыйканов депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берди.

Ал эми №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча азырынча эки жаран депутат болууга талапкерлигин көрсөткөн, алар — пенсионер Бакир Бакытбек, ишкер Ганишер Бадалов.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-февралдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов жана Нурлан Ражабалиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Copyright © 2017 Maral FM