Connect with us

Депутаттар Атазов менен Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгуу үчүн арыз беришти

Кыска кабар | 28 Фев 2024 | 396 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгуу үчүн арыз беришти.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы «Маралга» билдирди. Маалыматка караганда, депутаттардын арызы парламенттин кадр кызматына түштү.

Буга чейин Kaktus media  өздүк булактарына таянып, депутаттар Искендер Матраимов, Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов өлкөдөн чыгып кетишкенин жазды.

Ушундай эле кабарды  vb.kg сайты жеке булактарына таянып жазган.

Айбек Осмонов 28-февралда «Азаттыкка» берген комментарийинде Түркияга дарылануу үчүн кеткенин, өлкөгө кайра кайтып келерин билдирген. 

Буга чейин «Регион» телеканалы Жогорку Кеңештин депутаттарынын бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу сюжет көрсөткөн. Анда бир катар депутаттардын аты аталган.

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттар Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин арызынын негизинде аларды мандатынан ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM