Connect with us

«Матраимов менен табакташ». Жээнбековдон экс-президент макамын алуу сунушталды

Кыска кабар | 28 Фев 2024 | 421 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев парламменттин 28-февралдагы жыйынында экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын президенттиги учурунда жанында жүргөн адамдарды жоопко тартуу маселесин көтөрдү.

Ал учурдагы бийлик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матрамов менен байланышы бар адамдарды аныктоо ишин жүргүзүп жатканда Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденцияда жашап жатканына нааразылык билдирди.

Депутат Сооронбай Жээнбековдон тышкары, Икрамжан Илмиянов, Алмамбет Салиев деген ысымдарды атады.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдон «экс-президент» макамын алуу боюнча беш барактан турган кайрылуусу бар экенин айтып, депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

«Коррупцияга каршы аёсуз күрөш болуп жатат. Буга чейин элдин ырыскысын жеп келген «Райым миллионго» табакташ болгон эки-үч депутат кетти, дагы кетиребиз деп аракеттерин кылып атышат. Бирок бүгүнкү күнү ошолордун арасында аты аталбай унутулуп калган, Райымбек Матрамовду саясий аренага алып келген кишилер мамлекеттин төрүндө, мамлекеттин эсебинен жашап жатат. Ал ким? Ал Сооронбай Жээнбеков. Ал президент болгонго чейин губернатор, премьер болду. Аны мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын жакыны Икрамжан Илмияновдор колдоду. Бүгүнкү күнү жоопко тартылбай жүрөт. Канчалаган жаштар кылкылдап көчөдө митингде турганда бир сөз айтпай, «көзү көр, кулагы дүлөй» болуп отуруп, бийлигинен ажырады. Бүгүн мамлекеттик резиденцияда отурганына биз кайдыгер карабашыбыз керек. Сооронбай Жээнбековдун президенттиги учурунда Алмамбет Салиев, Икрамжан Илмиянов деген адамдар бардык тармакты калчап жүргөн, аларды унутуп калышкан болсо, эстетип коеюн» , — деди депутат.

Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин чыккан башаламандыктардан улам 2020-жылдын 15-октябрында кызматын тапшырган. Бирок Жээнбековдун экс-президент макамы сакталып калган.

Copyright © 2017 Maral FM