Оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку, Дүйнөлүк олимпиаданын бир жолку чемпиону, КР спортунун эмгек сиңирген чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, I жана III даражадагы «Манас» орденинин, «Даңк» медалынын сыйлануучусу Каныбек Осмоналиев «Маралдын» «Биздин мезгил» программасында балалык кези, кийинки ийгиликтери жөнүндө маек куруп берди.
– Агай, бир маегиңизде «балалык – каухар мезгил, студент курак — алтын мезгил» деген экенсиз. Балалыгыңыз кандай өттү эле? Ошол жөнүндө айтып берсеңиз?
– Азыркы мезгил менен биздин учурду салыштырып болбойт. Балалыгымды карасам кызыктуу, ошол эле учурда кыйынчылыктар менен коштолуп, келечегимди түптөгөн учур болгон экен. Чоң атам менен бир тууганы ортосун ашкана эле бөлүп турган бир үйдө аябай ынтымактуу жашаптыр. Чоң энем тыкан, сүрдүү, башкармалардын баары жүгүнүп турган адам болуптур. Ал эми өзүмдүн атам элге кызмат кылып, колхоздор уюштурула баштагандан мал ферма кызматтарын аркалаптыр. Апам бала-бакыраны багып үйдө отурган.
1955-жылы 19-майда атам, апам, мен, ортончу агам Жаныбек болуп жайлоого кетип баратып, Ак-Бешикке кире бергенде унаа ала салып, атам четинде болгондуктан ыргып кетип, акыреги менен ташка катуу тийип, ооруканада каза болгон. Карындашым ошондо курсакта эле. Жети бир тууган элек, өзүбүздүн үйүбүз жок эле. Кийинчерээк чакан там салып алдык. Апам тилинен да, колунан да келген адам эле. Таңкы беште колхоздун жумушуна кетип, түнкү он бирде үйгө ыйлап келчү. Курсакта калып төрөлгөн карындашым экөөбүз кичинекейбиз. Жумуштан келгенден кийин үйгө от жагып, тамак жасап, курсагыбызды тойгузат. Антип-минтип жаткычакты саат бир-эки болуп кетет. Улуу агам үй жумуштарына жок болгону үчүн апам көбүнчө мени жумшачу. Кичинемден эле камыр жууруп, нан бышырып койчумун. 5-классымдан карындашымды жаныма алып, уй саап, камыр жууруп, кесме кесип, айтор, үй тирилигин кылып жүрдүм.
Андагы адамдар башкача болгон экен. «Осокенин балдары келе жатат. Келгиле, айланайындар, чай ичкиле» дешип, баары бооруна кысып турушчу. Бул да атамдын элге чын дилинен жардам берип, аларга эмгеги сиңгенин билдирет. Азыр атамды билгендер аз калды.
– «Аккан арыктан суу агат» дейт. Өзүңүз тарыхчы экенсиз. Ата-тегиңизде балбандар болгонбу же тай жагыңызды тарткансызбы?
– Илгертен эле «эр тай жагын тартат» деп айтылып келет. Апам күч-кубаттуу аял эле. Анан Таабалды деген таякем да жаш кезинде өтө балбан адам болгон экен. Апам мени ошол таякеме көп окшоштурчу. Атам 47 жашында каза болду. Күлүк таптап, ат чапкан киши болуптур. Лидер болуп, эл менен жакшы тил табышыптыр. Апам: «Үйдө кичине эле жакшы тамак болсо, сыртта кетип жаткан адамдарды чакырып алчу», – деп калчу. Ал учур каатчылык күчөп турган убак болгон. Ошол үчүн да адам канчалык кыйынчылык көрсө, сезимтал болуп, башка адамдарды түшүнүп турат окшойт.
Андан тышкары ал убакта үйлөргө кулпу салынган эмес. Эшиктерге жөн эле таяк тиреп койчубуз. Келген киши эшикке тирелген таякты көрсө, «Аа, бул үйүндө жок экен», – деп кетип калчу. Босогосуна келген адамга тамак берип, жок дегенде нан ооз тийгизип чыгарчу. Аталардын, агалардын үлгүсү азыркыга чейин тарбиялап келет. Азыр мен да балдарыма, неберелериме, жадагалса, чөбөрөлөрүмө да ушул нерселерди айтып келе жатам. Эми ошолор чын дили менен ошону кабыл алып, жашоосунда пайдаланса, эч качан жаман болбойт. Кыргыз эли «Бата алсаң, көп жашайсың» деп келген. Азыр «колуңдан келип, муктаждарга жардам берсең, соопчулук болот» дейбиз. Бирок материалдык жактан жетишпесек да, чын дилден жардам берип койгонубуз алдыдагы жашообузга таасирин тийгизет.
«Азыркы жаштар ата-энесине, өзүнөн улууларга жардам берип, ошолордун батасын алса экен», – дейм. Себеби биздин ийгиликке жетишибизге, жакшы адам болуп чыгышыбызга алардын алкоо сөздөрү, баталары чоң жардам берет. Бир эле мен эмес, чогуу окуган классташтар да үй-бүлөсүнө окуудан кийин жардам берет эле. Алар азыр баары жогорку билимдүү болбосо да, бир үй-бүлөнү түптөгөн, жашоосу жакшы адамдар болду. Арабыздан 3-4 классташыбыз дүйнөдөн өтүп кетти. Ошол ынтымагыбыздын арты менен 70 жылдыгыбызды да белгилеп өттүк.
– Классташтарым деп калдыңыз. Сиздин дүйнөлүк деңгээлде ийгилик жаратып жатканыңызга алардын мамилеси кандай болду?
– Биз каухар мезгилден алтын мезгилге өттүк да. Бул алтын мезгил – студенттик кезибиз. Ошондо да бир бөлмөдө жети бала ынтымактуу жашаганбыз. Бардык группадан биригип, 45 адам калганбыз. Ошолор менен жылда жолугуп турчубуз. Спорттон кандай ийгилик жараткан болсом, ар биринин катышы бар. Алардын сүйүнгөнүн айтып жеткире албайм. Карап көрсөм, азыркы учурдагы адамдардын сүйүнгөнү менен мурдагылардын сүйүнгөнүндө айырма чоң болгон экен. Ар бир ийгилик жаратканымда жанымдагы адамдар эмес, бүткүл Совет эли жапырт сүйүнүп, сыймыктанганын айт. Айрыкча апам сыймыктанып, жетине албай, сыйлыктарымды үйгө келгендердин баарына көрсөтө берер эле. Барган жерден кандай нерсе болбосун, апама сөзсүз белек ала келчүмүн.
Ал эми үйдөгү ынтымакка, ырыскыга жана ийгиликке жетишиме түрткү берген жубайым болот. Азыр эми кемпирим деп айтсам болот, бирок антип айткың келбейт экен (күлүп). Экөөбүз жети балалуу болдук. Ал кезде чет жакка үч-төрт айлап кетип калам. Жетишпес учурлар болсо да, ырылдап-чырылдабай болгонун бөлүшүп, үй жок болсо да, көчүп-конуп жашап турганбыз.
1975-жылы жаштар арасында СССР чемпиону болгом. Эл аралык мелдештердин баарын тең утуп келгем. 1978-жылы Европанын чемпиону болдум. Анан Америкада Дүйнө чемпионаты өттү. Бияктан «Осмоналиев эптеп коло медаль алып келсе эле чоң жетишкендик болмок» деп турушканда, мен чемпион болуп, алтын медаль тагындым.
– Адамга дөөлөт, ийгилик келип турганда, манчыркап кетмейи бар. Сиз бүтүндөй СССР колдоп, атыңыз дүңгүрөп чыгып турганда, өзүңүздү кандай алып жүрдүңүз?
– Чындыгында эл аябай көтөрдү, сыйлады, бирок көөп кеткен жокпуз. Эгер манчыркай баштасаң, акырын чакырып, өзүңө келтирип койчу. Бул нерсеге апамдын жанымда көзөмөлдөп турганы, анын үстүнө 19-20 жашымда эле үй бүлө курганым да таасир этти. Үй-бүлөгө да өзүнчө көңүл буруп, убакыт ажыратуу керек. Анан кайсы учурда көөп кеткенге жетишем? Өзүмдөн да көбүрөөк бир туугандарымды ойлоп, ошолордун камын көп көрдүм. Апам: «Балам, кичине болсо да, колуңда болуп калды. Агаларыңды, эжелериңди, карындаштарыңды карай жүр!» – дечү.
– Агай, жаштарга, келечектеги спорт чеберлерине, Олимпиадага катыша тургандарга кеп-кеңешиңизди, акыл-насаатыңызды айта кетсеңиз…
– Алдыда Париж Олимпиадасы жакындап келе жатат. Ошол жерде өлкөнүн желегин желбиретип катыша турган балдарга эң негизгиси ден соолук, анан талыкпаган эмгек, чыдамкайлык жана элин-жерин сүйгөн патриот болушун каалайм. Калың эл кандай тилек кылып батасын берсе, мен да ошолордой бата берем. Кандай ийгиликке жетип, чемпион болсо да, адам боюнча калышын каалайт элем. Себеби азыр жаштар ошолорду үлгү тутуп келе жатат. Ошого татыктуу болушса экен.
– Маегиңиз үчүн чоң ыракмат!