Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык. Ысык суу берүү чектелди

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 236 | 0

Кырсык болгондон бери «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынын бардык кызматкерлери таңкы саат 4төн баштап жумуш орундарында. Бул тууралуу ишкананын директорунун орун басары 2-февралдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жылуулук менен камсыздоо системасынын иштешин камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө, дээрлик бардык абоненттер үчүн ысык суу менен камсыздоого чектөөлөр киргизилип жатат. Мындан тышкары, социалдык эмес керектөөчүлөрдү өчүрүү иштери жүрүп жатат.

«Эч жерде ысык суу жок. Биз ысык сууну чектейбиз. Бул жылуулук менен камсыздоо системасын сактап калуу үчүн жасалган аргасыз чара», — деп кошумчалады ал.

2-февралга караган түнү Бишкек жылуулук электр борборунда авария болду. Буга байланыштуу көптөгөн мекемелерге жана турак жайларга ысык суу жана жылуулук берүү токтотулган.

Жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Бишкектин бардык мектептери дүйшөмбүгө чейин онлайн окутууга өттү. Бала бакчалар убактылуу жабылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM