Биз менен байланышыңыз

Президент Бишкек жылуулук борборундагы кырдаалды көзөмөлүнө алды

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 198 | 0

Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов айтты.

«Президент кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюуну тапшырды. Жеринде министрлер кабинетинин жана компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жүрөт. Мамлекет башчысы кырдаалды жеке көзөмөлүндө кармап турат», — деди ал.

Бишкек жылуулук электр борборунда 2-февралдын таңында болгон авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Бирок шаардын жылуулук режимин сактоо максатында ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM