Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жарык берүү жана жылуулук үзгүлтүккө учурабайт

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 161 | 0

Бишкекте электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов кабарлады.

Ал эми ысык суу берүүдө чектөөлөр болот.

Министрдин орун басары авария болор замат бардык кызматкерлер жеринде иш алып барып жатканын айтты. Себептери кыска мөөнөттө аныкталып, жылуулук системасын кайра калыбына келтирүү аракети көрүлүп жатат.

Авария борбордун эски бөлүгүндө, 14-отканада болгону алдын ала айтылды. Учурда комиссия иш алып барууда, кошумча маалымат берилет.

2-февралда таңкы саат 04:30да Бишкек жылуулук электр борборундагы жарылуудан жабыркаган 5 адам тез жардам линиясы менен шаардык тез жардам ооруканасына жеткирилген.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, азыркы учурда эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бирөө күйүк бөлүмүндө, абалы оор. Эки жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM