Connect with us

Туманга байланыштуу айдоочуларга эскертүү

Кыска кабар | 27 Янв 2024 | 186 | 0

Туман болуп жаткандыктан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга кайрылды.

Жолдор тайгак болуп, автоунаалардын жүрүү кыймылына тоскоолдуктар жаралып жаткандыктан, төмөнкү эрежелерди так сактоо зарыл:

-Жолдордун тайгактыгын же кечкисин жол тыгыны пайда болушун эске алып, бара турган жериңизди пландоо менен жолго 20-30 мүнөт эртерээк чыгыңыз;

-Унааңызды жүргүзүү учурунда, кышкы  дөңгөлөгүнө, кыймылдаткыч майына, терезе арчыгычтардын иштөөсүнө жана жалпы техникалык абалына көңүл буруңуз;

-Жолдо жүрүү учурунда ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиден ашырбаңыз;

-Алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактаңыз;

-Ашып өтүүдө же маневр жасоо учурларында карама-каршы багыттагы келе жаткан унаага көңүл буруу менен шашылбай чыгыңыз;

-Алыскы жолго чыга турган болсоңуз сөсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну унутпаңыз.

Жол кыймылынын коопсздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жолдордогу мындай катаал кырдаал 3-4 күнгө чейин уланаарын эскертип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM