21-январда Азия Кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан Сауд Арабия курама командаларынын беттеши башталды.
Оюн Дохадагы Ахмат бин Али стадионунда өтүүдө.
Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунда Кыргызстан F тайпасында Тайланд, Сауд Арабиясы жана Оман менен беттешүүдө.
Кыргызстандын биринчи беттеши 16-январда Таиланддын курама командасы менен ойноп 0:2 эсебинде Кыргызстандын курама командасы жеңилген.
Ошол эле күнү Сауд Арабиясы Оман курамасын командасын 2:1 эсебинде уткан.
Азыркы тапта тайпада Сауд Арабия менен Тайланд үчтөн упайы менен биринчи, экинчи орундарды ээлеп турушат. Ал эми Омандын курамасында 1 упай бар.
Кыргызстан жана Сауд Аравия курамасы тарыхта эки жолу ойногон. 1996-жылдын январь айында орун алган беттештер атаандашыбыздын пайдасына аяктаган (0-2, 0-3).