Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Арстанбек Абдылдаев абакта каза болду

Кыска кабар | 5 Янв 2024 | 742 | 0

«Арстан Алай» каймана аты менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда №31 түзөтүү мекемесинде табылды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров кабарлады.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы расмий маалымат бере элек.

Арстанбек Абдылдаев диний кастыкты козутуу фактысы боюнча 15-декабрда кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, ага кылмыш ишин козгоого Facebook, Instagram жана YouTube социалдык түйүндөрүндө, ошондой эле китептерде жана брошюраларда диний жана диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктар камтылгандыгы, динчилдиги боюнча жарандардын ким экендигин пропагандалоо тууралуу алынган маалыматтар негиз болгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан Арстанбек Абдылдаев 15-январга чейин камакка алынган.

2021-жылы «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» боюнча айыпталып УКМКнын тергөө абагына камалган саясат талдоочу Марат Казакпаев саламаттыгына байланыштуу оорукагана которулуп, 2022-жылы комадан чыкпай, каза болгон.

Ошондой эле крим чөйрөсүндө «Дөө-Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов абакта киши колдуу болгонун Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тастыктаган.

Мындан тышкары, 2022-жылы УКМКнын тергөө камак жайына коррупция фактысы боюнча кармалган «Айыл Банктын» насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев өз жанын кыйган.

Copyright © 2017 Maral FM