Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумунун жыйынтыгында Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:
— ЕАЭБ алкагында 2030-2045-жылдар аралыгында экономикалык процесстерди өнүктүрүүгө багытталган «Евразия экономикалык жолу» декларациясы жана аны жүзөгө ашыра турган иш-чаралар планы (жол карта);
— «ЕАЭБдин 2024-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө» чечим;
— «Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы жөнүндө» чечим;
— «Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда жеке курам жана милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» чечим;
— «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн стандарттарын жана аларды кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгүн эсептөө методологиясын иштеп чыгуу жөнүндө» тескеме;
— «2024-2025-жылдарга карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө» чечим;
— «ЕАЭБдин «Бажы кодекси жөнүндө» келишиминин тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Протокол;
— «Евразия экономикалык комиссиясынын иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим;
— «Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим;
— «ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечим;
— «ЕАЭБге мүчө мамлекеттерди жакындаштырууга тийиш болгон табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» тескеме;
— «ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуу жөнүндө» чечим;
— «ЕАЭБ Сотунун судьяларынын кызмат ордунан бошотуу жана дайындоо жөнүндө» чечим;
— «ЕАЭБ бюджети жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечим;
— «ЕАЭБ Сотуна кайрылууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан төлөнүүчү алымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө» чечим;
— «ЕАЭБ Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» тескеме.
Айта кетсек, кечээ, 25-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттердин президенттери Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышып, бир катар маселелерди талкуулашты.