Жогорку Кеңештин депутаттары «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн демилгелеген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Демилгечи катары 18 депутат кол койгон бул мыйзам долбоорунда мыйзамдын 28-беренесинин 6-бөлүмүн толугу менен алып салуу сунушталган.
Айтылган берене «Билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу тартиби» деп аталып, анын 6-бөлүмүнө «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат» деген эреже киргизилген.
Депутаттар берген түшүндүрмөгө караганда, бул бөлүмгө таянган Финансы министрлиги бала бакчалардын тамак-ашын каржылоону токтотуп жатышат. А бирок 28-берененин 4-бөлүмүндө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамак-аш уюштуруу республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин, жеке жана юридикалык жактардын, ата-энелердин, мыйзамга каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылары жазылган. Мындан улам депутаттар 6-бөлүмдү таптакыр алып салып, 4-бөлүм менен гана иш алып барууга чакырышкан.
Ошол эле учурда тамак-ашты ата-энелерге жүктөп коюу колунда жок үй-бүлөлөрдүн укугун бузарын белгилешет. Себеби «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган «ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, жалпы негизги, орто жалпы жана баштапкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу» деген эреже бар экенин жүйө келтиришет.
Мыйзам долбоору менен толук Жогорку Кеңештин сайтынан таанышууга болот.