Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 11,88 чакырымы боюнча макулдашылды

Кыска кабар | 23 Дек 2023 | 449 | 0

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында 17-декабрдан 23-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 23-декабрда кабарлагандай, топографиялык жумушчу топтор чек аранын 11,88 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Аталган жумушчу топ 8-декабрдан 14-декабрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышкан.

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 90 пайыздан ашыгын тактады

Copyright © 2017 Maral FM