Биз менен байланышыңыз

ККМ, ЭТТНди киргизүү иштери улантылат

Кыска кабар | 23 Дек 2023 | 322 | 0

«Базардагы карапайым соодагерлерге тийбейбиз, базар «киттеринин» бетин ачууну көздөйбүз». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйынында билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2019-жылы салык кызматы 78,2 млрд сом жыйнаса, 2023-жылы 183,5 млрд сом чогулткан.

2019-жылы Бажы кызматы 43,3 млрд сом чогултса, 2023-жылы белгиленген план 107 млрд сомго аткарылды. Бажы кызматы биринчи жолу 100 млрд сомдон ашырды.

Ал ошондой эле, көзөмөл-кассалык аппараттарын, ЭТТНди ишке киргизүү боюнча иштер улантылаарын кошумчалады.

«Президент базарларга “даярданууга” убакыт берди. Биз карапайым соодагерлерге тийбейбиз, тескерисинче, аларга бардык шарттарды түзүп берүүгө даярбыз. Биздин максат “базар киттеринин” бетин ачуу”, — деди Акылбек Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM