Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигинин суроосуна жооп берип жатып, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновго шаардык кеңештин депутаттары тарабынан ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөнүн колдобой турганын айтты.
Жапаров анын артында кайсы депутаттын жеке кызыкчылыгы тургандыгын жакшы билерин, абалды өзү дыкат иликтеп чыккандан кийин гана чечим кабыл аларын белгиледи.
Мыйзамдуулукту талап кылган шаардык кеңештин депутаттарын «өздөрүн мыйзамдарды сыйлоого, коррупция менен шугулданганды токтотууга» чакырды.
«Депутаттар «мыйзам иштеш керек, биздин токтом аткарылыш керек» деген талап коюп атышыптыр. Мыйзамдардын так аткарылышын, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылардан мурда өздөрү адилеттүү болушсун мыйзамдарды сыйлашсын, коррупция менен шугулданганды токтотушсун. Ошондон кийин анан мыйзам жөнүндө сөз кылышса жарашат. Жаңы мэрди коюп жатканда «Ошту иретке келтир» деп тапшырма бергем. Ошто мыйзамсыз, талапка жооп бербеген башаламан курулуштар бар экенин жашоочулар жакшы билишет. Мэр ошолордун баарын иретке келтирип, бузчусун бузуп жатат.
Албетте, андай иштер мыйзамсыз курулуш куруп алган депутаттарга жакпайт. Арасында коррупция менен жан баккан депутаттар да жок эмес. Мен азырынча алардын баарынын аттарын атабай эле турайын. Керек болсо учуру келгенде баарын атаймын. Жерлерди, имараттарды мыйзамсыз алгандардан кайра мамлекетке кайтарып жатат» , — деди Садыр Жапаров.
14-ноябрда Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаа мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөткөн.
42 депутаттын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үчөө каршы болгон.
Депутаттар Бакытбек Жетигеновдун ишин канааттандырарлык эмес деп баалап, шаардын инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүүдө ресурстарды сарамжалсыз бөлүштүрүү, шаардык кеңештин айрым токтомдорунун аткарылбагандыгын жүйө келтиришкен.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы шаардык кеңештин токтомдору 95% аткарылгандыгын, жыйында депутаттардын дооматтарына жооп берүү үчүн сөз сураган мэрдин орун басары Замир Юсуповго сөз берилбегенин билдирген.
Бакытбек Жетигенов президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылы ноябрда Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.
2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышында «Ар-Намыс» саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.
2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен депутат болгон.