Бишкек шаарында 9-10-декабрда кезектеги айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.
Бул жолу Бишкектин Биринчи май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.
Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.