Мамлекеттик бала бакчанын жетекчиси милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Финансы министрлигинин аудит кызматы менен биргеликте билим берүү мекемелериндеги коррупциялык схемалар боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Анын жүрүшүндө Аламүдүн районундагы Ленин айыл округуна караган «Достук», «Бөбөкжай» бала бакчаларында мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, тыюу салууларга карабастан, мыйзамсыз акча чогултуу иштери токтобой келген.
Текшерүү учурунда «Достук» бала бакчасынын жетекчиси А.О. козголгон ишти жаптыруу, текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМ кызматкерине ири өлчөмдө пара сунуштаган. Бала бакча башчысы айтылган 12 миң сом параны ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын имаратына алып келип, милиция кызматкерине берип жаткан жеринен колго түшкөн.
Аталган факты боюнча да кошумча иш козголуп, шектүү ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Ачык булактар аркылуу сөз болгон «Достук» бала бакчасынын башчысы Оксана Алексеева экенин, буга чейин Айжан Акбаева аттуу «Фейсбук» колдонуучу баласын айтылган бакчага алуу үчүн жетекчиси он беш миң сом сурап жатканын жазып чыкканын тактадык.