Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Эки кыргызстандык Газа секторунан чыгарылды

Кыска кабар | 26 Ноя 2023 | 231 | 0

Кыргызстандын эки жараны Газа секторунан чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Газа секторунан чыгарылган жарандар Каир-Москва аба каттамы аркылуу Орусияга келишкен. Аларды Кыргызстандын элчилиги тосуп алып, мейманканага жайгаштырышкан.

Жарандарды алып чыгуу Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги менен Египеттин борбору Каир шаарындагы Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракетинин аркасында жүзөгө ашканы айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги көмөктөшкөнү үчүн Орусия тарапка ыраазычылык билдирип, Газа секторунан кетүүнү каалаган жарандарды алып чыгуу иштери улана берерин маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM