Connect with us

Президент Кыргызстандын суу ресурстарын коргоо боюнча демилгелерин колдоого чакырды

Кыска кабар | 25 Ноя 2023 | 395 | 0

Президент Садыр Жапаров 24-ноябрда Баку шаарында БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышты. Анда сөз сүйлөп жатып, бүгүнкү күндө Борбордук Азия аймагынын дүйнөдөгү стратегиялык мааниси жогорулап жатканын айтты.

Борбор Азия транзиттик каттамдарды, соода алмашууну өнүктүрүү жана экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачкан уникалдуу геосаясий позицияда экенин белгиледи.

«Биздин өлкө, региондун башка коңшу өлкөлөрү үчүн «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруунун стратегиялык долбоору өзгөчө мааниге ээ. Бул мега-долбоорду кыска жол менен ишке ашыруу биздин аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгат, болжол менен 4 миллиард адамды бириктирет, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагына, Иранга, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага ташуулардын географиясын кеңейтет.

Мындан тышкары, биз Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия каттамы менен андан ары Европа өлкөлөрүнө, ошондой эле Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран каттамы боюнча Сауд Аравиясына жүктөрдү ташууну уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз.

Биз Түштүк Транскаспий коридорун Кыргызстандан жана Кытайдан Европа өлкөлөрүнө, Грузияга, Азербайжанга автомобиль жана темир жол аркылуу жүк ташуу үчүн пайдаланууга ниеттенип жатабыз.

Региондогу өлкөлөрдүн ар биринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, СПЕКА тарабынан укуктук режимдерди шайкеш келтирүү жолу менен, анын ичинде бул үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мультимодалдык транспорттук ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө дем берүү маанилүү», — деди президент.

Өлкө башчы климаттын өзгөрүшүнүн, суу ресурстарынын кыскарышынын жана чабалдыгынын шартында, Кыргызстандын тоолуу региондорун туруктуу өнүктүрүү жана Борбордук Азиянын суу ресурстарынын түзүлүү зонасын коргоо боюнча аракеттерин колдоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM