2024-жылдын 1-январынан баштап ККМ аппараттарын колдонбой аткарыла турган ишмердүүлүктөрдүн тизмесин кыскартуу сунушталды.
Документке ылайык, күркөлөрдө гезит жана журнал саткандар, гүл саткан жайлар, айыл чарба продукциялары, нан азыктарын саткан жерлер, улуттук жана алкоголсуз суусундуктарды сатуу менен алектенгендер ККМ аппаратын колдонууга милдеттүү болушат.
Тиешелүү токтомдун долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга койду.