Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Кыргызстан «орус маданиятын жок кылуу» аракеттерин четке кагат

Кыска кабар | 19 Ноя 2023 | 421 | 0

Кыргыз Республикасы улуу орус маданиятын жок кылуу, анын алдыңкы өкүлдөрүн жазалоо жана жамааттык жоопкерчилик маселесин мажбурлоо аракеттерин чечкиндүү түрдө четке кагат. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн IX эл аралык маданий форумда билдирди.

«Биз Орусиянын жана дүйнөнүн маданий борбору, Пушкин менен Достоевский, Чайковский менен Прокофьев, Павлова менен Ахматова иштеген улуу шаар Санкт-Петербургга чогулуп, дүйнөлүк маданияттын эң актуалдуу проблемаларын талкуулап жатабыз. Бүгүн биз заманбап дүйнөдө актуалдуу болуп бараткан теманы – маданий эгемендүүлүктү талкуулап жатабыз. Ааламдашуу жана маалыматтык технологиялар доорунда ар бир өлкөнүн маданий мейкиндиги болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга дуушар болууда», — деген Эдил Байсалов.

Ал ошондой эле ааламдашуу, интернет маданий алаканы жеңилдеткени менен улуттук өзгөчөлүктөргө, өз алдынчалыкка терс таасирин тийгизип жатканын белгилеп өткөн.

Аны менен катар маданий эгемендик чыр-чатактын, пикир келишпестиктин себепкери болбошу керектигин айткан.

«Сөзүмдүн акырында, Кыргыз Республикасы улуу орус маданиятын жок кылуу, анын алдыңкы өкүлдөрүн жазалоо жана жамааттык жоопкерчилик маселесин мажбурлоо аракеттерин чечкиндүү түрдө четке кагарын билдиргим келет. «Маданиятты жокко чыгаруу» деген — алысты көрө албаган саясат. Аны бүткүл дүйнөгө таңуулоо — евроцентризмдин өөрчүбөй калган калдыктары. Келгиле, башка элдердин маданиятын урматтоо жана баалоо менен бирге маданий мурасыбызды сактап калуу үчүн биргелешип аракет кылалы», — деген Байсалов.

Айта кетсек, эл аралык форум кечээ, 18-ноябрда өткөн. Ага Кыргызстандан Эдил Байсалов баштаган өкүлдөр катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM