Connect with us

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу тобу жолугушту

Кыска кабар | 17 Ноя 2023 | 293 | 0

Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өткөн.

Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM