Коомдук ишмер, саясатчы “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын мурдагы президенти Топчубек Тургуналиев дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Аксы районунун Тегирмен-Сай айылында туулган. Жогорку билимди Москвадагы Мамлекеттик маданият институтунда алып, кандидаттык диссертациясын Москва мамлекеттик университетинде жактаган.
Тургуналиев 1990-жылдардагы коомдук-саясий окуяларга активдүү катышып, ошол кездеги Кыргызстан демократиялык кыймылын (КДК) уюштуруучулардын бири, тең төрагасы болгон. “Эркиндик” партиясын түптөп, аны көп жылдар бою жетектеген.
Ал 2019-жылдан 2021-жылга чейин «Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясын жетектеген.