Connect with us

УКМК «Айчүрөк» соода борборунун ээси Габбазов боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 14 Ноя 2023 | 357 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет кримтөбөл Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары тергелип жатканын билдирет.

Анын алкагында, Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке карата Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгүндө (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

УКМК Анвар Габбазов К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгенин айтууда.

Ошону менен бирге, иликтөө иштеринин жүрүшүндө соода борбордун негизги уюштуруучулары 2 юридикалык жак экендиги аныкталган. Тактап айтканда, уюштуруучулардын бири «ЦУМ Айчүрөк» ААКнын 47% акциясына ээлик кылган «Башкы универмаг» ЖЧКсы. Өз кезегинде «Башкы универмаг» ЖЧКсынын жалгыз негиздөөчүсү Анвар Габбазовдун апасы Маметова Анашхан Хашимахунова болуп саналат.

Экинчиси «ЦУМ Холдинг» ААКы (акциялардын 44%ына ээлик кылат). Ошол эле учурда «ЦУМ Холдинг» ААКнын жетекчиси болуп А.Габбазовдун аффилияцияланган адамы Абдыжапаров Болушбек Абдыжапарович эсептелет.

Ошол эле учурда «ЦУМ Айчүрөк» ААКнын соода жайларын жана кызматтык жайларды ижарага берүү «Сити Центр» ЖЧКсы аркылуу ишке ашырылат, анын жалгыз негиздөөчүсү А.Габбазовдун эжеси Хадия Илшатовна Маметова болуп саналат.

«Башкы Универсал Дүкөн» ААКнын директору — Мухтаров Нурмамет Равкатович А.Габбазов жана анын бир тууганы Ришат Илшатович Габбазовдун Бишкек шаары, Восток кичи району 5, №33-үй 3-квартира  дареги боюнча катталган.

Ошентип, «ЦУМ Айчүрөк» ААКнын чыныгы ээси Габбазов (азыркы Маметов) Анвар Илшатович болуп саналат, ал аталган мүлктү өзүнүн аффилияцияланган адамдарына, анын ичинде жакын туугандарына каттаткан.

Copyright © 2017 Maral FM