Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Жапаров Гамбург шаарына барды

Кыска кабар | 7 Ноя 2023 | 235 | 0

Төрага Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарына жумушчу сапар менен барганын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын алкагында Акылбек Жапаров кыргыз-немис ишкерлер кеңешинин экинчи отурумуна, «Кыргызстандын экономика күнү» бизнес-форумуна катышат. Андан тышкары Гамбург шаарынын биринчи бургомистри Петер Ченчер менен жолугушат.

Бизнес-форумга Кыргызстан менен Германиядан 200гө жакын ишкер, компаниянын өкүлү катышат. Анын жыйынтыгы менен бир катар келишимдерге кол коюлат.

Кыргыз-немис ишкерлер кеңеши 2022-жылдын март айында түзүлүп, алгачкы отуруму 13-июнда Бишкекте өткөн.

Ишкерлер кеңешине Кыргызстандан Акылбек Жапаров, Германиядан Кыргызстандын Гамбург шаарындагы ардактуу консулу Карл-Хуго Эрнст Элердинг төрагалык кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM