Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти Зинаида Петренко дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 7 Ноя 2023 | 293 | 0

Кыргыз эл артисти Зинаида Петренко 73 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Петренко Зинаида Михайловна 1951-жылы 7-февралда Башкырстандын Уфа шаарында төрөлүп, орто билимди да, жогорку билимди да ушул шаардан алган.

Орусиянын Орск шаарындагы театрда иштеп турганда, 1975-жылы Кыргызстандагы Орус драма театрына которулуп, көзү өткөнгө чейин ушул театрда иштеп келген.

Ал «Кылым карытар бир күн», «Бөдөнөнүн сүтү», «Саринжи», «Бальзаминовдун үйлөнүшү», «Кар ханышасы» сыяктуу ондогон спектаклдерде көрүнүктүү ролдорду жаратып, Кыргызстандын маданиятына зор салым кошкон. Аны менен катар режиссёр, мугалим катары да эмгектенген.

Көзү өтөрдөн эки күн мурун, 4-ноябрда «Бальзаминовдун үйлөнүшү» спектаклине катышып, роль ойногон болчу.

Зинаида Петренкону акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 8-ноябрда саат 11:00дө Чынгыз Айтматов атындагы орус драма театрында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM