Биз менен байланышыңыз

Парламенттин 12-октябрдагы отуруму кийинки аптага жылды

Кыска кабар | 11 Окт 2023 | 229 | 0

Жогорку Кеңештин эртең, 12-октябрдагы жалпы сессиясы кийинки аптага жылдырылды. Мындай чечим депутат Жаныбек Кыдыкбаевдин сунушу менен кабыл алынды.

«Эртең КМШ президенттеринин саммити өтүп, жолдор жабылат. Парламенттин эртеңки күн тартибиндеги маселелер боюнча келе турган өкмөт мүчөлөрү да ал жакта болушат. Ыңгайсыздык жаратпай, биз да жыйыныбызды эмки жумага жылдырсакпы дегем», — деди депутат.

Вице-спикер Жамиля Исаева парламентке чакырылган өкмөт мүчөлөрү эртеңки жыйынга келе албай турганын айтып, депутаттын сунушун добушка койду. Сунушту 66 депутат колдоп, 12-октябрдагы жалпы отурум жылды.

12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөгө расмий сапар менен келет. Анын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Жолугушууда күн тартибинин актуалдуу маселелери, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечек пландары талкууланат.

Мындан тышкары президенттер Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине катышат.

13-октябрда Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында КМШ президенттеринин кеңешинин жыйыны өтөт.

Саммитке КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттери катышат жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган маанилүү чечимдери кабыл алынат.

Саммитке байланыштуу Бишкектеги мектеп, жогорку окуу жайлар, бала бакчалар эки күнгө онлайн окутууга өттү.

Бул күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрү 12-13-октябрь күндөрү маал-маалы менен жабылат.

Төмөндө унаа кыймылына чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:

— «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тарта Чүй проспектисине чейин;

—Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тарта чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

— «Ала-Арча» резиденциясынан тарта «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;

— Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолу (объездная дорога) аркылуу Кант шаарына чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM