Connect with us

Массалык уулануу. Бишкекте он тез татым убактылуу жабылды

Кыска кабар | 3 Окт 2023 | 336 | 0

Бишкекте массалык уулануудан кийин тез татым жайлар текшерилип, он ашкана жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарлашты.

Эки күндө 37 тез татым жай текшерилген. Белгиленген санитардык бузуулар боюнча 36 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 568 миң сомдук айып салынган. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин он тез татым жайы убактылуу жабылды.

Бишкекте шаурма жасаган жерде уулангандар 71 адамга жетти. Ооруканага 36 адам жаткырылган, алардын бешөө 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

1-октябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган. Уулангандар шаурма жегени белгилүү болгон. Буга байланыштуу тез татым жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган.

Министрлик массалык уулануудан кийин бардык тез татым жайлар текшерип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM