Биз менен байланышыңыз

Мурдагы министр Кудайберген Базарбаев кызматка дайындалды

Кыска кабар | 14 Сен 2023 | 492 | 0

Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп дайындалды.

Мындай буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикти буга чейин Улан Карыпбеков жетектеп келген.

Кудайберген Базарбаев буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп иштеген. Ал 7-сентябрда кызматтан бошотулуп, ордуна мурдагы саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова дайындалган.

Кудайберген Базарбаев 65 жашта. 1999-2001-жылдары Бишкек шаарынын вице-мэри болгон. 2012-2013-жылдары Маданият жана туризм министринин орун басары, 2013-2016-жылдары социалдык өнүктүрүү министри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору жана башка кызматтарда иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM