Бишкек мэриясы коомдук транспорттордо электрондук төлөм жолдорун түшүндүрүү иштерине ыктыярчыларды чакырат.
20-августтан тарта коомдук муниципалдык транспорттордо накталай төлөм алынып салынды. Эми жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүлөт. Жүргүнчүлөргө автобустарда жана троллейбустарда накталай эмес төлөм системасын түшүндүрүү иштерин алып барууга ыктыярчылар керек, — деп билдирүү таратты мэрия.
Толук маалымат алуу үчүн: 0 703 075 727
Дареги: Чүй проспектиси, 14. №2 ДЕПО