Биз менен байланышыңыз

Сары-Жаз ГЭСтер каскадын кытайлык ТВЕА компаниясы курат

Кыска кабар | 17 Авг 2023 | 310 | 0

Энергетика министрлиги кытайлык ТВЕА компаниясы менен  меморандумга кол койду. Бул тууралуу энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кытайлык ТВЕА компаниясы Сары-Жаз дарыясындагы ГЭСтер каскадын жана Кемин-Торугарт линиясын кура турган болду. Бул боюнча энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Синьцзян-Уйгур автоном районуна барган иш сапарында макулдашууга кол коюлду.

Сапардын алкагында энергетика тармагы боюнча бир катар документтер кабыл алынды. Анда энергетикалык саясат жана аны эффективдүү колдонуу,  ТВЕА компаниясы менен биргеликте Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу жана пайдалануу боюнча долбоорду ишке ашыруу, ошол эле компания менен 500 кВт Кемин-Торугарт электр берүү линиясын куруу боюнча сөз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM