1916-жылдагы Үркүндү эскерүүгө байланыштуу 10-13-август күндөрү Ысык-Көлдүн Тосор аймагында жөө жүрүшү өтүп жатат.
Жөө жүрүшкө катышуучуларды тосуп алуу 10-августта болду. 11-августта Тосор айылынан эки топко бөлүнүп, 1916-жылы эл Кытай тарапка качкан жол аркылуу жөө жүрүш башталды. Кыргын-Сайдан башталган жүрүш Дуулат-Булакка чейин созулуп, бүгүн жыйынтыкталат.
Мындай эскерүү жөө-жүрүшү бир канча жылдан бери өткөрүлүп келет. Иш-чараны «Тосор» коому уюштурууда.
Августтун биринчи жумасы Үркүндү эскерүү жумалыгы. 1916-жылдагы трагедиянын эң оор күндөрү дал ушул күндөргө туура келген.