Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Чолпон-Ата багытына кошумча 20 кичиавтобус, 8 автобус даярдалды

Кыска кабар | 25 Июл 2023 | 242 | 0

Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча кошумча 20 кичиавтобус, 8 автобус даярдалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы кабарлады.

Күндүн катуу ысыганына байланыштуу Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна каттаган жарандардын жана туристтердин каттамы көбөйүүдө. Бишкектеги автобекеттерде Ысык-Көлгө каттаган жеңил унаалардын жана маршруттук унаалар жетишсиз болууда.

Буга байланыштуу жүргүнчү ташуучу фирмалардан 20га жакын маршруттук унаа жана 8 автобус сүйлөшүү жолу менен алынып, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM