Connect with us

Кыргызстанда алты айда баалар жана тарифтер 5%га өстү

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 418 | 0

Улуттук статистикалык комитеттин 11-июлдагы маалыматы боюнча, июль айында Кыргызстанда бензиндин кымбаттаганы байкалды.

АИ-95 үлгүдөгү бензин 1,32 сомго, башкача айтканда 62,08 сомдон 63,2 сомго кымбаттады.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,37 сомго — 56,71 сомдон 57,08 сомго кымбаттады.

Дизель майынын баасы дээрлик өзгөргөн эмес.

Мындан тышкары, 2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 5,1% түздү.

Анын ичинде эң көп алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары кымбаттаган – 7,7%.

Азык-түлүк эмес товарларга баалар 6,4%га, калк үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 5,8%га жогорулаган. Тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар 3,6%га кымбаттады.

Copyright © 2017 Maral FM