Улуттук статистикалык комитеттин 11-июлдагы маалыматы боюнча, июль айында Кыргызстанда бензиндин кымбаттаганы байкалды.
АИ-95 үлгүдөгү бензин 1,32 сомго, башкача айтканда 62,08 сомдон 63,2 сомго кымбаттады.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,37 сомго — 56,71 сомдон 57,08 сомго кымбаттады.
Дизель майынын баасы дээрлик өзгөргөн эмес.
Мындан тышкары, 2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 5,1% түздү.
Анын ичинде эң көп алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары кымбаттаган – 7,7%.
Азык-түлүк эмес товарларга баалар 6,4%га, калк үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 5,8%га жогорулаган. Тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар 3,6%га кымбаттады.