Connect with us

Энергетика министрлигине 29 адистештирилген техника тапшырылды

Кыска кабар | 5 Июл 2023 | 363 | 0

Энергетика министрлигине 29 атайын техника тапшырылды. Унааларды тапшыруу аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айткандай, акыркы жылдары реформалардын алкагында электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында чыгымдар туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого мүмкүнчүлүктөр ачылды.

«Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок. Мамлекет өзүнүн каражатына техникаларды ала баштаганы өнүгүү жолунда экендигибизден кабар берет», – деди ал.

Жалпысынан 2023-жылга 359 млн сомго 76 атайын жаңы техника алынаары айтылды. Адистештирилген техникалар энергетика тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт жана электр менен камсыздоонун коопсуздугун жакшыртат.

Copyright © 2017 Maral FM