Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак парламенттеринин төрагалары жолугушту

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 229 | 0

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында коңшу өлкөнүн парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолгушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев өткөрүлгөн жолугушуу парламенттер аралык байланышты чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенерин айтты.

 «Эгемен мамлекеттер катары эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине 31 жыл толгону менен биздин байланышыбыз кылымдарды карыткан. Андыктан, эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин калыптанган кызматташтыгын улантуу бабалардан калган баалуу вазыйпабыз. Айрыкча, бардык багыттагы байланыштарды кеңейтип, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга басым жасашыбыз кажет. Анын ичинен парламенттик дипломатия кыргыз-казак мамилелерин чыңдоонун эффективдүү механизми болуп саналат. Биз стратегиялык өнөктөштүктү өрчүтө турган иш-аракеттерге мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүбүз зарыл», — деди Нурланбек Шакиев.

Жолугушууда соода-экономикалык алакалар тууралуу да сөз болуп, Нурланбек Шакиев Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Казакстандын Өкмөтүнө жакынкы аралыкта соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү тапшырмасы коюлганын белгиледи. Алсак, 2022-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,2 млрд долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 13,8%га өскөн.

Өз кезегинде Казакстандын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Казакстанда эмгектенген кыргыз жарандары үчүн 2012-жылкы мамлекеттер аралык келишимдин негизинде жеңилдиктерди берүү маселеси каралып жатканын маалымдады.

Ошондой эле баарлашууда Маулен Ашимбаев санариптештирүү, IT технология, инвестиция жаатындагы байланыштарды арттыруу, мыйзам чыгаруу багытында тажрыйба алмашуу маселелерин көтөрүп, кыргызстандык IT компаниялар Казакстанда ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM