Connect with us

Бүтүрүү кечелеринде 5 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 20 Июн 2023 | 289 | 0

21-23-июнь күндөрү күч органдарынын кызматкерлери мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүгө арналган салтанаттуу иш-чаралары учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, өлкө боюнча 5 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти сактоого тартылат.

Коомдук эс алуучу жайларда, калктуу аймактардан сырткары жайларда милиция кызматкерлеринин кайгуулдары күнү-түнү уюштурулуп, жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен биргеликте топтошуп көңүл ачуусуна бөгөт коюлат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM