Жогорку Кеңештин үч депутаты Бактыбек Чойбеков, Эмил Жамгырчиев жана Эмил Токтошев «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоордун демилгечилеринин тизмесинен кол тамгасын чакыртып алышты. Анын себеби катары депутаттар акыркы редакциядагы айрым өзгөртүүлөргө «макул» эместиктерин айтышууда. Эки жылдан бери коомчулукта кызуу талкууга кабылган мыйзам долбоору алдыдагы жумаларда комитетте каралары маалымдалды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордон кол тамгасын чакыртып алды. Буга чейин депутаттар Эмил Токтошев менен Бактыбек Чойбеков демилгечи топтун катарынан чыкканын билдиришкен.
Депутат Надира Нарматова башында турган депутаттар тобу «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамга «чет элдик агент» статусун жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн атайын отчёттуулук режимин, ошондой эле талаптар бузулган учурда кылмыш жоопкерчилигин караган өзгөртүүлөрдү демилгелеген.
Депутат Бактыбек Чойбеков «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору демократияга жана адам укуктарына каршы багытталган көптөгөн жоболорду камтыгандыктан, демилгечилердин бири болуудан баш тартканын билдирди.
«Башында менин атым бул мыйзамдын демилгечилеринин тизмесине киргизилген. Мен НПОнун финансылык ишмердигин ачык-айкын көзөмөлдөнүшүн камсыз кылууну колдодум. Кийинчерээк мыйзам долбоорунун акыркы версиясы менен таанышып, колумду алып салууну чечтим. Бул мыйзам долбоору демократияга жана адам укуктарына каршы багытталган көптөгөн жоболорду камтыйт. Ошондуктан мен «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамдын демилгечилеринен чыгып жатам».
Демилгечилердин бири «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова мыйзам долбоору коомдук талкуудан өтүп, жакында Жогорку Кеңештин комитетине киргизилерин билдирди.
«Мыйзам долбоору өткөн жылдын декабрь айында эле коомдук талкуудан өтүп бүткөн. Азыр эми алдыда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине кирип жатат».
«Чет элдик тыңчылар жөнүндө» мыйзам долбоорун алгач 2014-жылы 26-майда Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова Жогорку Кеңешке сунуштаган. Анда эки окуудан өтүп, бирок үчүнчү окууда четке кагылган.
Андан соң 2016-жылы да сунушталып, жыйынга катышкан депутаттардын көбү бул долбоор жарандык коомчулукту чектеп, Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирерин айтып чыгышкан. Натыйжада ошол отурумда болгон 111 депутаттын 65и каршы добуш берип, өткөрбөй коюшкан.
Андан кийин ушул эле өңүттөгү мыйзам долбоорун 2019-жылы VI чакырылыштын депутаты Бактыбек Райымкулов да сунуштап, бирок ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарып жиберген.
Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова чет жактардан каржы алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга «чет өлкөлүк агент» макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. Нарматова чет жактан каржы алган ЖМКлар жана уюмдар элди бөлүп-жарып жатканын айткан.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева бул мыйзам долбоорун элди бөлүп-жарып, авторитаризмди күчөтүп, элдин саясий процесстерге катышуусун кыскарта турган сунуштама катары баалады.
«»Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталган. Анын башында депутат Надира Нарматова турат. Ошол концепцияга карата эл аралык каржылоо алган мекемелер, эл аралык уюмдардын өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү ушул тизмеге кирип калышы мүмкүн. «Өзгөчө статусу менен Юстиция министрлиги тарабынан көзөмөл күчөйт» деген демилге сунушталып жатат. Мамлекеттик бюджетке, мамлекеттик-социалдык иш-чараларды жүргүзүүгө жарандык коом, жарандык уюмдар эл аралык каржылоону көп алат. Ошондуктан бул демилге эл арасындагы мамилени толугу менен конфликтке алып барат. Экинчиси, элдин арасында ким ким кандай топ менен иштей турганы ачыкталса, бул элди кандайдыр бир агымдарга бөлөт. Бүгүнкү күндө финансылык чалгындоо кызматы каржылык аналитика жүргүзүп келет. Бардык уюмга кайсы жерден канча акча келип жатканы боюнча маалымат түшөт. Ал тууралуу укук коргоо органдары баарын билет. Бүгүнкү күндө депутаттар ошол маалыматтарды коомчулукка ачыкка чыгарсын деп жатышат. Бизде мыйзам боюнча банктагы каржылык операциялардын купуялуулугу сакталышы керек. Аны толугу менен ачыкка чыгаруу мүмкүн эмес. Коммерциялык эмес уюмдар Салык кызматынын сайтына каражаттар кайсы берененин негизинде кайсы жакка жумшалгандыгы боюнча бир жылдык отчётун берип жатышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө көзөмөлдү эмес, жарандык коом менен таза иштөөнү күчөтүү керек. Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүдөн пайда жок».
Ал ортодо Кыргызстандын жарандык коому «Чет элдик агенттер жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына каршы Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогонун Алмаз Тажыбай билдирди.
Ага кошумча бүгүн Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигин аталган мыйзамды кайтарып алууга чакырды.
Аталган мыйзам долбоору башында коомдук талкуу үчүн 2022-жылдын ноябрында Надира Нарматова тарабынан чыгарылган, бирок кийинчерээк алып салынган. Май айында Нарматовага биргелешкен авторлор катары дагы 32 депутат кошулган. Сунуш кылынган документте демилгечилер коомдук талкуулоо мезгилинде эксперттер жана юристтер айткан тынчсызданууларды четке кагышкан.