Connect with us

Түндүк Кореянын чалгын спутниги бар ракетасы космоско жетпей талкаланды

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Май 2023 | 316 | 0

Түндүк Корея космос спутнигин орбитага чыгаруу үчүн баллистикалык ракетасын учурду, бирок учурулгандан көп өтпөй ракета жарылып, чачырандылары деңизге түштү.

Түндүк Корея 11-июнга чейин биринчи космостук спутнигин учура турганын мурда жарыялаган. Спутник чалгындоо болору жашырылган эмес.

Өлкөнүн Борбордук маалымат агенттиги учурулгандан кийин ракетанын кыймылдаткычында мүчүлүштүк болгонун билдирди.

BBC орус кызматынын жазганына караганда, Түштүк Кореянын аскерлери бул маалыматты жалпысынан ырастаган, алардын айтымында, ракета тез арада радардын экранынан жок болуп, абада талкаланган. Андан кийин сыныктары Корей жарым аралынын батышындагы Сары деңизге түшкөн.

Түштүк Кореянын армиясы деңизден ракетанын сыныктарын таап, түтүк жана зымдары бар чоң бочка сымал металл буюмдун сүрөттөрүн жарыялады.

Бул — Түндүк Кореянын 2016-жылдан бери космостук спутник учурууга алтынчы аракети. Борбордук маалымат агенттиги өлкө жакында дагы бир аракет жасай турганын билдирди.

Түндүк Кореянын ракета учуруусу Түштүктө, ошондой эле Япониянын айрым бөлүктөрүндө кооптонууну жана башаламандыктарды жаратты.

Сеулда авиарейддик сиреналар иштеп, уюлдук телефондордун абоненттерине эвакуацияга даярдануу үчүн эскертүү жөнөтүлгөн. Мындай эскертүү Япониянын түштүгүндөгү Окинава аралынын тургундарына да жолдонгон.

Түндүк Кореянын ракета учуруусун буга чейин АКШ, Жапония жана Бириккен Улуттар Уюму айыптаган. Алардын баары ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын түздөн-түз бузганын белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM