Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчылыкка сунушталган Кулира Кубатова талапкерликтен баш тартты

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 309 | 0

Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясы акыйкатчы кызматына кечээ сунуштаган Кулира Кубатова бүгүн талапкер болуудан баш тартты.

Кубатова бул боюнча түшүндүрмө берип, экинчи талапкер Жамиля Жаманбаева менен чогуу иш алып баруу максатында өз талапкерлигин алып койгонун билдирди.

Баштапкы адистиги технолог 52 жаштагы Кулира Кубатова бир нече жыл Саламаттыкты сактоо министрлигинде, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган. Андан соң депутат Динара Ашимованын коомдук башталыштагы жардамчысы болгон. Азыр ал Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүүсүн туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгында эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM