Күйүүчү майды милдеттүү салыктарды төлөбөй, мыйзамсыз жол менен ташыган аткезчилерге көмөктөшүп жүргөн салык кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жеке фирмалар ички жеткирүүлөр шылтоосу менен Кыргызстандын түндүк аймактарынан түштүк аймактарына салык органдарына жасалма катталган күйүүчү майларды ташып келишкен. Аларга Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Б.Р.К., түштүк аймактар боюнча эсепке алынбаган товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Н.Д.О көмөктөшүп, «Сосновка», «Каракөл» көзөмөл пункттарынан тоскоолдуксуз өтүүсүнө, товарга салык төлөбөй соода кылуусуна шарт түзүп беришкен. Алар бул «кызматы» үчүн майдын 1 литрине 1 сомдон «акы» алып турушкан.
Аны менен катар Панфилов райондук салык башкармалыгынын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы А.Т.М. жана Жайыл райондук салык башкармалыгынын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору М.у.Б. буларга документ жасап берип, электрондук товардык-транспорт баракчаларына жасалма штамп басып, жасалма пломба берип келишкен. Бул кызматкерлер ар бир жөнөтүүгө 5 миң сомдон «акы» алышкан.
УКМК учурда бул коррупциялык схемага башка да мамлекеттик кызматкерлердин катышы бар же жок экенин аныктоо, мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруу чараларын көрүп, кармалгандарды суракка алып жатат. Андан тышкары май ташыган фирмаларга салыктык текшерүүлөр дайындалганы маалымдалды.