Биз менен байланышыңыз

Экс-кызматкер: Абдрахматованын компетенциясын карап чыгууну өтүнөм

Кыска кабар | 3 мая 2023 | 450 | 0

Акыйкатчы аппаратынын мурдагы кызматкери Азим Акматов маалымат жыйын өткөрүп, анда жалпы жамааттын атынан акыйкатчы Атыр Абдрахматованын компетенциясын карап чыгууну тиешелүү органдан өтүндү.

Анын айтымына таянсак, Абдрахматованын акыйкатчы кызматына келиши менен эмгек жамааттын арасында түшүнбөстүктөр пайда болгон.

«Биз Акыйкатчы институтунун ички иштери боюнча гана кайрылуу жасап жатабыз. Жетекчи Атыр Абдрахматова кызматка келгенден бери жумушка өз убагында келген жок, түштөн кийин келет. Өзү кеч келип, арыздарды карап жатып, кечки саат 9-11лерге чейин отура берет. Эртең менен келген кызматкерлерди да жумуштан коё бербей кармап отурат. Акыйкатчынын орун басары бүгүнкү күнгө чейин жок: талапкерди өзү көрсөтпөйт же сунушталган кишини өткөрбөйт. Азыр бир эле орун басары иштеп жатканы менен ага документтерге кол койдурбай, арыздарды караттырбайт. Абдрахматованын жылдык баяндамасы парламенттен өтпөй калды, эми мыйзам боюнча жөн эле отурган орун басары да кызматтан кетиши керек. Ал 20 жылдан бери иштеп келген мыкты кызматкер»,  — дейт Акматов.

Акматов кошумчалагандай, Абдрахматова ошондой эле кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мамлекеттик каражатты максатсыз сарпталып келген.

Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча акыйкатчынын бир жылдык баяндамасын уккан. Бирок сөзүн аягына чыгарбай, баяндаманы толук укпай токтотушкан. Андан кийин Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү сунушу көтөрүлүп, ал тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

27-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан алуу боюнча «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын сунушун колдогон.

Атыр Абдрахматованын кызмат орду талашка түштү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM